Akchabarsearch
Кыргызстандын экспорттук жөнөтүүлөрү 20.3%га азайды

Жарыяланган

2026-09-04, 15:25

Кыргызстандын экспорттук жөнөтүүлөрү 20.3%га азайды

2026-жылдын январында Кыргызстандагы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд 52.9 млн долларды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га өскөн.

Экспорттук жеткирүүлөр 126.8 млн долларды түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 20.3%га азайды. Бул негизинен КМШ өлкөлөрүнө товар чыгаруунун 17%га кыскарышы менен байланыштуу.

Ал эми импорт 926.1 млн долларды түзүп, 6.1%га өстү. Бул өсүш КМШ өлкөлөрүнөн келген товарлардын 27.4%га көбөйүшү менен шартталды.

Жалпы соода түзүмүндө импорт басымдуу болуп, анын үлүшү 88%ды түздү. Экспорттун үлүшү 12.3%ды түздү.

 


Тектеш материалды окуу