Akchabarsearch
Кыргызстан Кытайга вино, өсүмдүк майын жана жашылчаларды экспорттоп баштайт

Жарыяланган

2026-07-01, 12:57

Кыргызстан Кытайга вино, өсүмдүк майын жана жашылчаларды экспорттоп баштайт

2025-жылы Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Айыл чарба жана кайра иштетилген продукциялар дүйнөлүк рынокторго чыгууда. 

Кытайга жүн, кашемир, фасоль, тоок эти жана тооктун субпродуктулары боюнча 8 протокол, термикалык иштетилген эт жана тери боюнча 3 протокол макулдашылды. 

Кургатылган жер-жемиштердин экспорту башталып, 23 тонна кургатылган өрүк Кытайга жөнөтүлдү. Мындан тышкары, вино, өсүмдүк майы жана жашылчаларды экспорттоо боюнча даярдык иштери жүрүп жатат.

Европа Биримдигине бал экспорттоого уруксат алуу иштери уланууда. Ал эми Улуу Британияга 298 кг бал экспорттолуп, кыргыз балы эл аралык рынокто ордун таба баштады. 

Ошондой эле, кургатылган жер-жемиштер, бал жана башка кайра иштетилген продукциялар  Wildberries маркетплейси аркылуу сатылууда.

 


Тектеш материалды окуу