
Жарыяланган
2025-27-11, 14:46Кепилдик фонду түзүлгөн күндөн тарта экспортко багытталган ишканаларга 1.74 млрд сомдон ашык суммада кепилдик берген. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.
Анын аркасында ишкерлер жалпы 5.89 млрд сом кредит ала алышкан.
Ал эми быйыл фонд экспорттоочуларга 168.9 млн сом кепилдик берген. Натыйжада ишкерлер 458.7 млн сом кредиттик каражат алган.
Учурда фонд “Кыргызстанда өндүрүлгөн” Улуттук экспорттук программасынын алкагында ата мекендик продукцияны экспорттогон компанияларды активдүү колдоодо. Бул программа өлкөнүн экспорттук потенциалын күчөтүүгө жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн дүйнөлүк рыноктогу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө салым кошот.



