Akchabarsearch
Былтыр “Кепилдик фонду” аркылуу экспортточулар 478 млн сом насыя алышты

Жарыяланган

2026-10-02, 15:15

Былтыр “Кепилдик фонду” аркылуу экспортточулар 478 млн сом насыя алышты

«Кепилдик фонду» былтыр экспорттоочуларга 177.2 млн сом өлчөмүндө кепилдик берген. Натыйжада ишкерлер 478 млн сом насыя ала алышкан. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.

Долбоор 2024-жылы «Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасынын алкагында ишке киргизилген.

Программада аймактык ишкерликти колдоого өзгөчө көңүл бурулуп, экспортко багытталган ишканаларга жана импортту алмаштырууга багытталган долбоорлорду ишке ашырып жаткан компанияларга артыкчылык берилет.

Мындай ыкма аймактардагы өндүрүштү өнүктүрүүгө, кыргыз экспортунун географиясын кеңейтүүгө жана туруктуу ишкердик чөйрөнү түзүүгө шарт түзөт.
 


Тектеш материалды окуу