Akchabarsearch
Былтыр "Кепилдик фонду" берген кепилдиктердин 85%ы өлкөнүн аймактарына багытталды

Жарыяланган

2026-27-01, 14:46

Былтыр "Кепилдик фонду" берген кепилдиктердин 85%ы өлкөнүн аймактарына багытталды

Былтыр «Кепилдик фонду» ААК берген бардык кепилдиктердин 85%ы Кыргызстандын аймактарына багытталды. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.

Жалпысынан фонд 1 миң 656 кепилдикти 3.8 млрд сом суммасында берди. Бул ишкерлерге дээрлик 13 млрд сом кредиттик каражат тартууга мүмкүнчүлүк берди.

Аймактар боюнча эң көп кепилдик Чүй облусунда берилген. Бул жерде 349 кепилдик 1.6 млрд сом суммасында берилип, анын эсебинен 5.2 млрд сомдон ашык кредит тартылды.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусунда 258 кепилдик 157.6 млн сомго берилип, ишкерлер 506.8 млн сом кредит алышкан. Ош облусунда 230 кепилдик 166.5 млн сомго берилип, анын аркасынан ишкерлер жалпы 532.1 млн сом кредит алышкан.

Ал эми Талас облусунда 178 кепилдик 214.6 млн сомго берилип, анын негизинде 627.9 млн сом, Нарын облусунда — 136 кепилдик 86.9 млн сомго берилип, 270.1 млн сом кредиттик каражат тартылган.

Эң аз кепилдик Ысык-Көл менен Баткенге берилген. Ысык-Көл облусунда 121 кепилдик 265.9 млн сом суммасында берилип, 1  млрд 108.4 млн сом кредит , Баткен облусунда — 117 кепилдик 107 млн сомго берилип, ишкерлер 324.8 млн сом кредит ала алышкан.
 


Тектеш материалды окуу