
Жарыяланган
2026-09-04, 14:57Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы кызматын 2021-жылдын 16-апрелинен бери ээлеп келе жаткан. Бул мекеменин жетекчиси 5 жылга дайындалгандыктан, анын ыйгарым укуктары жакында токтомок.
Эми президенттин жарлыгы менен ал кайра Эсептөө палатасын жетектей турган болду.



