Akchabarsearch
Саруу айылында 500 орундуу мектептин курулушу аяктап калды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-09-04, 15:59

Саруу айылында 500 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Жети-Өгүз районунун Саруу айылында Ж. Чабалдаев атындагы 500 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Курулуш иштери 2024-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоордун жалпы баасы 226.3 млн сомду түзөт.

Долбоор боюнча имараттын жалпы аянты 3 миң 220 чарчы метрди түзүп, үч блоктон турат. Жаңы мектеп окуучулар үчүн бардык шарттар каралган заманбап талаптарга ылайык курулууда.

Учурда объектте ички курулуш-монтаж иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, азыркы иштеп жаткан мектеп 320 орунга ылайыкталганына карабастан, анда 720 окуучу билим алууда.
 


Тектеш материалды окуу