Akchabarsearch
Таласта 1 миң 224 орундуу жаңы мектеп курулат

Жарыяланган

2026-03-04, 18:14

Таласта 1 миң 224 орундуу жаңы мектеп курулат

Талас шаарында Россиянын колдоосу менен 1224 орундуу мектеп куруу долбоору талкууланды. Бул тууралуу Талас мэриясы билдирди.

Жолугушууга Россия Федерациясынын өкүлү Антон Рыбаков, Талас облусундагы президенттин өкүлү Эрмат Джумаев жана Талас шаарынын мэриясынын өкүлү Айбек Көчөрбаев катышты. Алар курулуштун кийинки этаптарын жана ишти өз убагында бүтүрүү маселелерин карашты.

Маалыматка ылайык, Россиянын колдоосу менен Кыргызстанда жалпы 9 мектеп курулат, алардын бири Талас шаарында салынат. Учурда мектеп курула турган жердеги бардык инженердик даярдык иштери толугу менен аяктаган.
 


Тектеш материалды окуу