
Жарыяланган
2026-03-03, 14:35Президенттин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаары боюнча 20 мектептин курулушу жүргүзүлүүдө. Анын алкагында Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп салынып жатат.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, курулуш иштери жыл аягына чейин бүткөрүлөт. Учурда жер казуу иштери толугу менен аяктап, имараттын пайдубалын салынып жатат.
Жаңы мектепте окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинеттер, жыйындар залы жана спорт залы каралат. Имарат 3 блоктон турган, 3 кабаттуу болуп курулат.
Билим уясы пайдаланууга берилгенден кийин 2 миңге жакын окуучунун билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.



