Akchabarsearch
Жалал-Абаддын Кыргызстан айылында 90.6 млн сомго мектеп салынууда

Жарыяланган

2026-21-01, 10:55

Жалал-Абаддын Кыргызстан айылында 90.6 млн сомго мектеп салынууда

Ноокен районунун Кыргызстан айылында Э.Алиев атындагы мектепке 150 орундуу кошумча корпус курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Курулуш мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 90.6 млн сомдун эсебинен жүргүзүлүүдө. Иштер 2024-жылы башталган, учурда курулуштун 75%ы аяктады.

Жаңы корпуста окуу класстары, жыйындар залы, компьютердик класс, спорт зал, дарыгердин бөлмөсү жана ашкана болот. Ошондой эле балдар жана кыздар үчүн өзүнчө эмгек класстары каралган.

Курулуш иштерин “Араван-Ремстрой” ЖЧКсы аткарууда.
 


Тектеш материалды окуу