Akchabarsearch
Бишкек: №55 жана №64 мектептерге жаңы окуу корпустары курулууда
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-11-03, 17:12

Бишкек: №55 жана №64 мектептерге жаңы окуу корпустары курулууда

Бишкекте №55 мектепке 1 200 орундуу, ал эми №64 мектепке 600 орундуу жаңы окуу корпусу курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрилиги билдирди.

Министр Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен борбор калаада курулуп жаткан 20 мектептин курулуш этаптарын текшерүүдө.

№55 мектептин жаңы окуу корпусу Гагарин көчөсү, 166 дарегинде курулуп, учурда пайдубал куюу иштери активдүү жүрүп жатат. Ал эми №64 мектептин корпусу №8 кичи району 19/1 дарегинде курулуп, жер казуу иштери аяктап, кийинки курулуш этаптары башталаар алдында турат.

Бул долбоор өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаарында жаңы 20 мектеп курууну камсыз кылуу максатында республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда.

 


Тектеш материалды окуу