
Жарыяланган
2026-09-04, 16:04Бишкектен аэропортко кеткен жолду бойлой тосмо орнотууга 391.6 млн сом коротулганы жатат. Жолдун эки четин тосуу үчүн тендерди Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Белгилүү болгондой, Фучик көчөсүнүн эки тарабы Рыскулов көчөсүнөн баштап Достук айылына чейин жалюзи тосмолор менен торолот.
Мындай даярдык быйыл күзүндө боло турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата көрүлүүдө.
Тосмону орнотуу иштери эң кеч дегенде 30-августта бүткөрүлүшү керек.



