
Жарыяланган
2026-09-04, 17:49Эдил Байсалов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Байсалов 2021-жылдын октябрь айынан бери министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматын ээлеп келе жаткан.
Ал буга чейин да элчилик кызматты аркалаган. 2019-2021-жылдары Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болгон.



