Akchabarsearch
Талас шаарында 12 көчө асфальтталат

Жарыяланган

2026-09-04, 16:56

Талас шаарында 12 көчө асфальтталат

Талас шаары боюнча жалпы 40 чакырым жолго асфальт төшөө пландалууда. Жалпы 12 көчө асфальтталат. Бул тууралуу Талас мэриясы билдирди.

Шаар мэри Нургазы Асылбеков шаар аймагында асфальт төшөөгө даярдалып жаткан көчөлөрдү жеринен көрүп чыкты.

Учурда даярдык иштери башталып, эски жолдор бузулуп, жер жумуштары жасалууда.

Шаар башчысы Нургазы Асылбеков жолдорду сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү боюнча тапшырмаларды берип, өзгөчө сапатына көңүл бурууну эскертти.

 


Тектеш материалды окуу