Akchabarsearch
Бишкектин Дэн Сяопин менен Интергельпо көчөсүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Жарыяланган

2026-17-03, 09:23

Бишкектин Дэн Сяопин менен Интергельпо көчөсүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкек шаарында 17-марттан 19-мартка чейин жолду оңдоо иштерине байланыштуу Дэн Сяопин проспекти менен Интергельпо көчөсүнүн кесилишинде унаа кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызмптынан билдиришти.

Аталган күндөрү Дэн Сяопин проспекти менен Интергельпо көчөсүнүн кесилиши унаалар үчүн толугу менен жабылат. Интергельпо көчөсүнүн батыш тарабы да толук жабылат, ал эми чыгыш тарабы убактылуу бир тараптуу кыймыл режиминде иштейт.


 

Мэрия жол оңдоо иштерине байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.


Тектеш материалды окуу