
Жарыяланган
2026-09-04, 12:05Мырзаке – Кара-Шоро жолунун бир тилкеси 1.5 метрге бийик көтөрүлөт. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, 7-8-апрелдеги жаан-чачындан улам Мырзаке – Кара-Шоро жолунун 47-чакырымында (Жаман-Тал тилкеси) тоо тектери кулап, жер көчкү түшкөн.
Жерине атайын техникалар тартылып, жол тазаланган.
“Учурда жолдун нугун сел сууларынан коргоо үчүн жол төшөмүн 1,5 метрге чейин жогору көтөрүү (бийиктетип толтуруу), реконструкциялоо иштери аткарылууда”, - деп айтылат маалыматта.



