
Жарыяланган
2026-09-04, 14:232026-жылдын январында Кыргызстанда (чакан ишканаларды эсепке албаганда) кызматкерлердин орточо айлык маянасы 45 миң 797 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 16.4%га жогору. Ал эми, инфляцияны — башкача айтканда, товарлар менен кызматтардын кымбатташын эске алганда — айлыктын реалдуу өсүшү 6.3%ды түздү.
Улуттук банктын расмий валюта курсу боюнча эсептегенде, быйыл январда орточо айлык акы 523.8 долларга барабар болду.



