Akchabarsearch
2026-жылдын январь–март айларында Кыргызстанда орточо айлык акы 46.7 миң сомду түздү

Жарыяланган

2026-15-05, 15:42

2026-жылдын январь–март айларында Кыргызстанда орточо айлык акы 46.7 миң сомду түздү

2026-жылдын январь–март айларында Кыргызстанда номиналдык орточо айлык акы 46 миң 731 сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15.8%га жогору. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Улуттук статистика комитети  билдирди.

Айлык акынын эң олуттуу өсүшү айыл чарба, суу менен камсыздоо, калдыктарды тазалоо жана кайра иштетүү, электр энергиясы, камсыздандыруу, мамлекеттик башкаруу жана коргоо, ошондой эле курулуш тармактарында байкалды.

Салыштырсак, 2026-жылдын январь–февраль айларында орточо айлык акы 45 миң 735 сомду түзгөн. Март айында бул көрсөткүч дээрлик 1 миң сомго өстү.

Бул мезгилде өлкө боюнча эң жогорку орточо айлык акы Бишкек шаарында катталып, 58 миң 319 сомду түздү. Экинчи орунда Ысык-Көл облусу болуп, анда орточо айлык 50 миң 667 сом болгон.

Эң төмөнкү орточо айлык Баткен облусунда катталып, 31 миң 733 сомду түздү.

 


Тектеш материалды окуу