
Жарыяланган
2026-16-03, 15:452025-жылдын январь-сентябрында калктын жан башына алгандагы орточо реалдуу акчалай кирешеси айына 11 миң 398.2 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2.2%га төмөн.
Милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү алып салгандан кийинки колдо болгон акчалай киреше айына 11 миң 615.4 сомду түздү.
Ошол эле учурда аймактар боюнча айырмачылык сакталууда. Орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору киреше Бишкек шаарында – 3 миң 513.6 сомго, Чүй облусунда – 616.8 сомго, Ош шаарында – 101.2 сомго көп.
Ал эми орточо деңгээлден төмөн киреше Нарын облусунда – 3 миң 175.9 сомго, Талас облусунда – 2 миң 48.1 сомго, Ысык-Көл облусунда – 2 миң 2.6 сомго, Жалал-Абад облусунда – 1 миң 3.8 сомго, Ош облусунда – 657.1 сомго, Баткен облусунда – 540.4 сомго аз.



