
Жарыяланган
2026-05-02, 15:372025-жылдын январь-ноябрь айларында бир кызматкердин орточо номиналдык айлык акысы 42 миң 954 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19.1%га көп, ал эми анын керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу өлчөмү 10.2%га өскөн.
Белгилей кетсек, 2025—жылдын январь-сентябрь айларында орточо айлык акы 42 миң 757 сомду түзгөн, демек бир айда ал 197 сомго көбөйгөн.
Улуттук банк аныктаган валюталардын расмий курсуна карата алганда, былтыр январь-ноябрында бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 491.7 долларды түздү.
Эске салсак номиналдык айлык акы — сиз колуңузга алган айлык, ал эми реалдуу айлык акы — кызматтардын, азык-түлүктүн кымбаттаганын эске алуу менен эсептелген эмгек акы.



