
Жарыяланган
2025-29-12, 12:44Быйыл январь-октябрь айларында бир кызматкердин орточо номиналдык айлыгы 42 миң 919 сом деп белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Бул былтыркы жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 19.2%га көп. Ал эми керектүү бааларын эске алганда, 10.4%га өскөн.
Улуттук Банк аныктаган валюталардын расмий курсуна карата алганда , бир кызматкердин орточо эмгек акысы 491.3 долларды түздү.
Эң көп орточо айлык акы Бишкек шаарында, 54 миң 618 сомду түзгөн. Ал эми, эң аз айлык Ош облусунда катталган—26 миң 914 сом.



