
Жарыяланган
2026-09-04, 13:41Социалдык фонд жарандарга СМС билдирүү жөнөтүү аркылуу пенсияга чыгаруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине курган маегинде Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Анын айтымында, бул механизм мындай иштейт: жаран 63 жашка келгенде, Соцфонд маалыматтык базадан анын канча жылдык стажы бар экенин текшерип, жетиштүү стажы болсо, анын телефонуна пенсия курагына жеткенин билдирип, пенсияга чыгарууга макулдугун алуу үчүн СМС жөнөтөт. Жаран макулдугун берсе, Соцфонд аны пенсияга чыгарат. Болжол менен бул механизм жай айларында ишке кирип калат.
Мындай учурда жаран пенсияга чыгуу үчүн документ даярдап убара болбойт. Ошол эле учурда өз каалоосу менен кошумча документ берүүнү кааласа, ага тыюу салынбайт.
Биринчи этапта мындай мүмкүнчүлүк жалпы негизде жаш курак боюнча пенсияга чыга турган жарандарга берилгени жатат. Белгилей кетсек, жаш курак боюнча аялдар – 58, эркектер – 63 жашында пенсияга чыгат.
Кийинчерээк мындай мүмкүнчүлүк жеңилдетилген шарт (ж.б.) менен пенсияга чыккандар үчүн да түзүлөт



