
Жарыяланган
2026-09-04, 13:50Кара-Суу шаарында саркынды суу түтүктөрүн куруу учурунда техникалык регламенттер жана курулуш нормалары толук сакталбаганы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аныкталган мыйзам бузуулар объекттеги коопсуздук талаптарына жана курулуш сапатына түздөн-түз таасир этет.
Жыйынтыгында, курулуш иштерин жүргүзгөн “Инженерная Защита” ЖЧКсына административдик чаралар көрүлүп, 200 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди.
Министрлик бардык курулуш компанияларын белгиленген талаптарды так сактоого чакырып, нормаларды бузуу мыйзам чегинде жоопкерчиликке алып келерин эскертти.



