Akchabarsearch
Кара-Сууда “Манас” стадионунун техникалык абалы текшерилди

Жарыяланган

2026-25-03, 11:18

Кара-Сууда “Манас” стадионунун техникалык абалы текшерилди

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы “Манас” стадионуна инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүү объекттин учурдагы техникалык абалын баалоо максатында уюштурулду.

Жыйынтыгында курулуш конструкциялары боюнча корутунду даярдалып, стадионду коопсуз пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.


Тектеш материалды окуу