
Жарыяланган
2026-31-03, 10:42Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Манас айыл аймагынын жана Жер ресурстары агенттигинин кызматкерлери 2011-жылы 0,77 гектар айыл чарба жерин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп беришкен.
Кийин 2024-жылы бул жердин категориясы мыйзамсыз өзгөртүлүп, баасы жогорулаган соң көп кабаттуу турак жай куруу үчүн сатылган.
Аталган иш боюнча алты кызматкер коррупцияга шектелип, тергөө уланууда.



