Жарыяланган
2025-16-10, 13:22Чүйдүн Кемин районунда кант кызылчасын өстүргөн дыйкан гектарынан 80 тоннага чейин түшүм алууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Кеминде жалпы 884 гектарга кант кызылчасы айдалган. Учурда түшүм жыйноо иштери жүрүүдө.
Райондогу дыйкандардын бири 4 гектар жерге кызылча айдаган. Азыр ал бир гектардан 80 тоннадан түшүм алууда. Жыйналган түшүм кант кызылчасын кайра иштеткен ишканаларга жөнөтүлүүдө.