Akchabarsearch
Кеминдеги Жел-Арык битум сактоочу жайы чоңойтулат

Жарыяланган

2026-01-10, 16:27

Кеминдеги Жел-Арык битум сактоочу жайы чоңойтулат

Чүйдүн Кемин районундагы Жел-Арык битум сактоочу жайы чоңойтулат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, азыркы кампада 4.5 миң тонна битум сактоого болот. Ал 15 жылдан бери жаңыланган эмес. Эми битум сактоочу кампанын көлөмүн 12-15 миң тоннага чейин жеткирүү пландалууда.

Ошондой эле битум сактоочу жайга чейин 130 метр темир жол куруу иштери башталганы турат. Бул вагондордон битумду түшүрүү жана ташуу иштерин жеңилдетет.

Бул менен бирге  ишкананын жумушчулары үчүн мончо, жатакана жана жуунуучу бөлмөлөр курулуп, керектүү кампалардын курулушу жүргүзүлүүдө.


Тектеш материалды окуу