Akchabarsearch
Кербен шаарында 275 орундуу мектептин курулушу башталды

Жарыяланган

2025-17-11, 15:24

Кербен шаарында 275 орундуу мектептин курулушу башталды

Аксы районунун Кербен шаарында 275 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Бул долбоорго республикалык бюджеттен 188 млн сом бөлүндү.

План боюнча мектеп эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залынан турат. Мындан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин кабинети жана балдар, кыздар үчүн эмгек класстар каралат.

Учурда объекттин пайдубалы куюлуп жатат.

 


Тектеш материалды окуу