Akchabarsearch
Киреше алып келген QR-төлөмдөр: ишкерлер үчүн  Компаньон Банкынын акциясы

Жарыяланган

2025-17-06, 17:46

Киреше алып келген QR-төлөмдөр: ишкерлер үчүн Компаньон Банкынын акциясы

Кыргызстандагы бизнес нак эмес эсептешүүгө өтүп жатат — жөнөкөй, тез жана ачык. Эми бул дагы пайдалуу болуп калды: Компаньон Банкы QR-төлөмдү активдүү колдонгон ишкерлер үчүн акция баштады. 

QR-төлөм — заманбап стандарт

«Мурун кардарлар: "Электрондук капчыкка салсам болобу?" — деп сурашчу. Азыр болсо, жөн гана телефонун алып, камера менен QR сканерлешет. Бул бизге да, аларга да ыңгайлуу», — дейт Кара-Балтадагы ишкер, Компаньон Бизнес тиркемесинин колдонуучусу.

QR-төлөмдөр — бул накталай акчага же көлөмдүү терминалдарга ыңгайлуу альтернатива. Баары смартфон аркылуу иштейт. Узун кагаз чектер же майда акча издөөнүн кереги жок. Баарына жеңил.

Кантип иштейт: бизнеске — туруктуулук, кардарга — ылдамдык

Компаньон Бизнес тиркемесинде ишкер каттоодон тез жана оңой өтөт. QR код аркылуу  төлөмдөрдү кабыл алат — баары автоматтык түрдө түшөт, билдирүү келет. 100 сомдон жогору болгон бардык төлөмдөр акцияга эсептелет.

Эгер 10-июндан 10-июлга чейин 50дөн ашык QR-төлөм кабыл алынып, алардын жалпы суммасы 50 000 сомдон жогору болсо — ишкер автоматтык түрдө байгеге талапкерлердин бирөөсү болот.

Байге — жөн гана белек эмес, ийкемдүүлүк үчүн сыйлык

Эреже жөнөкөй: QR менен канчалык көп төлөм кабыл алсаңыз — утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору.

«Биз кардарларга ыңгайлуу болгон кызматтарды колдонгон ишкерлерди колдогубуз келет. Бул жөн гана акция эмес, экономиканы алдыга сүрөгөн чакан жана орто бизнеске болгон урмат», — дешет Компаньон Бизнес командасы.

Туура жана жөнөкөй 

Акциянын мөөнөтү:

  • Катталуу: 10–30-июнь 2025
  • Төлөмдөрдү эсепке алуу: 10-июнь – 10-июль 2025

Акция тууралуу кенен маалымат: Ишкерлер үчүн акция: QR менен төлөм кабыл алыңыз — акчалай сыйлык утуп алыңыз! 


Тектеш материалды окуу