Жарыяланган
2025-10-07, 14:23Бишкек шаарында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери үчүн көп кабат үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу аталган ишкана билдирди.
Темир жолчулар үчүн ар бири 19 кабат болгон үч үй салынат. Аларда 285 батир болот: 114ү батир бир бөлмөлүү, дагы 114ү эки бөлмөлүү жана 57си батир үч бөлмөлүү.
Турак жай Лев Толстой менен Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде тургузулууда.
Үйдүн курулушуна капсула салуу иш-чарасына президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, ишкананын жетектчилиги, кызматкерлери жана коноктор катышты.