Жарыяланган
2025-30-07, 16:27Жалал-Абаддын Аксы районунун үч милиция кызматкери пара талап кылуу шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, милиция кызматкелери (Ы.Р., Т.А. жана А.Б.) район тургунунун үйүнө мыйзамсыз кирип, аларда каттоодо турбаган аңчылык мылтыкты таап алышкан. Андан кийин үй ээсин мылтыкты мыйзамсыз сактаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуп, 30 миң сом пара алышкан. Бирок милиция кызматкерлери муну менен токтоп калышкан эмес. Алар кайра акча опузалай бергендиктен, жаран УКМКга арыз менен кайрылган.
Аталган үч милиция кызматкери дагы 20 миң сом пара алып жатканда кармалган. Милиция кызматкерлеринин биринин үйүн тинтүү учурунда үй ээсинен алынган мылтык табылган.
Учурда милиция кызматкерлери убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.