Akchabarsearch
    Мамлекет эттин баасын көзөмөлгө алат

    Жарыяланган

    2025-31-07, 11:02

    Мамлекет эттин баасын көзөмөлгө алат

    Мамлекет эттин баасын көзөмөлгө алат. Мындай чечим Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында кабыл алынды.

    Аталган чечимдин максаты - эттин баасынын өсүшүнө жол бербөө, малдын чек арадан кирип-чыгышын көзөмөлдөө, малды экспортоого чектөө киргизүү.

    Ошондой эле жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына эттин баасына байкоо салып, талдоо жүргүзүп турууу тапшырылды. Аны менен бирге Ветеринардык, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют боюнча кызматка мал ташыган жеке ишкерлерге карата ветеринардык-санитардык көзөмөлдү күчөтүү, Чек ара кызматы менен бирге аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча чара көрүү тапшырмасы берилди. 


    Тектеш материалды окуу