
Жарыяланган
2026-23-10, 15:202026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанга чет жактан 172.6 млн сомго жер жаңгак импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Маалым болгондой, сегиз айда өлкөгө 2775.4 тонна жер жаңгак ташып келинген. Жер жаңгак Кыргызстанга Өзбекстан (1695.3 тонна), Кытай (1054.6 тонна), Тажикстан (16.2 тонна), Түркмөнстан (5.3 тонна) жана Россиядан (4 тонна) импорттолгон.
2025-жылдын январь-августа айларына караганда быйылкысында импорт 801.9 тоннага көбөйгөн. Былтыр сегиз айда Кыргызстанга 1973.5 тонна жер жаңгак импорттолгон.



