
Жарыяланган
2026-23-10, 18:352026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанга чет жактан 4 млрд сомдон ашык акчага өсүмдүк майы импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Сегиз айда өлкөгө жалпы 38.3 миң тонна өсүмдүк майы ташып келинген. Ал Кыргызстанга 9 өлкөдөн импорттолгон.
2025-жылдын январь-август айларына караганда быйылкысында майдын импорту 4.7 миң тоннага көбөйгөн. Былтыр сегиз айда Кыргызстанга 33.5 миң тонна май ташып келинген.



