
Жарыяланган
2026-23-10, 17:292027-жылдын 1-январынан тарта пенсия алган "баатыр энелердин" пенсиясына кошумча 5 миң сомдон бериле баштайт. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Анын айтымында, азыр "баатыр энелердин" пенсиясына 1 миң сом кошумча төлөм каралган. Келерки жылдан баштап ал 5 миң сом болуп көбөйтүлөт. Бул акча республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт.
Аны менен бирге райондук коэффициент каралган аймактарда жашаган "баатыр энелердин" пенсиясына кошула турган 5 миң сом ошол коэффициентти эске алуу менен берилет. Мындайча айтканда алардын пенсиясына 5 миң сом эле эмес, андан көбүрөөк акча кошулат.
Мисалы райондук коэффициент 1.40 болгон айылда жашаган пенсионер "баатыр энеге" 5 миң сом эмес, 7 миң сом төлөнөт: 5000 х 1.40 = 7000.



