Akchabarsearch
    Прокуратура Кара-Суудагы бала бакчанын курулушунда 2.5 млн сом кымырылганын аныктады
    Сүрөт алынган жер: Интернет

    Жарыяланган

    2025-31-07, 11:49

    Прокуратура Кара-Суудагы бала бакчанын курулушунда 2.5 млн сом кымырылганын аныктады

    Ош облусунун Кара-Суу районундагы бала бакчанын курулушунда акча кымырылганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. 

    Маалыматка ылайык, Ала-Тоо айыл аймагында (мурдагы Кашкар-Кыштак) "С.С." компаниясы тарабынан 50 орундуу бала бакча салынган. Аталган айыл өкмөттүн кызматкерлери менен компания документтерге жасалбаган иштерди аткарылды деп жазышкан. Натыйжада мамлекетке 2 млн 548.2 миң сом зыян келтирилген.

    Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу), 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) жана 379-беренеси (документтердин жасалмасын жасоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 


    Тектеш материалды окуу