Жарыяланган
2025-31-07, 18:00Туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн Ош облусундагы Кара-Кой жайлоосуна барган жолго асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин облустаны өкүлчүлүгү билдирди.
Маалым болгондой, жайлоого барган Тельман – Кара-Кой жолунун жалпы узундугу 28 чакырымды түзөт. Буга чейин анын 6 чакырым асфальтталган.
Учурда анын дагы 3 чакырымына асфальт басылды. Калган 19 чакырымында курулуш иштери уланууда.
"Белгилей кетсек, Кара-Кой аймагын заманбап эс алуу зонасына айландыруу максатында атайын туристтик долбоор даярдалып жатат. Ал долбоор ишке ашса, аймакта инфраструктуралык шарттар жакшыртылып, жергиликтүү туризм өнүгүп, экономикалык өсүшкө өбөлгө болот", - деп айтылат маалыматта.