Жарыяланган
2025-31-07, 13:42Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Бул мыйзам шылуундар жарандардын атынан насыя алган алдамчылык иштерге бөгөт коюу максатында иштелип чыккан.
Мыйзамга ылайык, жаран Электрондук кызмат мамлекеттик порталы аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюу сала алат же тыюу салууну алып сала алат. Бул тууралуу маалымат кредиттик бюрого жөнөтүлөт. Аталган кызмат акысыз.
Банктар же башка кредиттик мекемелер насыя берерден мурда кредиттик бюролорго кайрылып, жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салып-салбаганын такташы керек. Эгер тыюу салган болсо, анда насыя берүүдөн баш тартышы кажет. Тыюу салуу бар экенине карабай насыя берилсе, ал келишим жараксыз деп таанылат.