Akchabarsearch
    Таштанды-чөп өрттөгөндөргө 23 миң сомго чейин айып салынат

    Жарыяланган

    2025-31-07, 12:32

    Таштанды-чөп өрттөгөндөргө 23 миң сомго чейин айып салынат

    Бишкекте таштанды, чөп, жалбырактарды өрттөгөндөргө айып салынат. Бул тууралуу Бишкектин Муниципалдык инспекциясынан билдиришти. 

    Аталган инспекция таштанды-чөптү күйгүзгөндө зыяндуу заттар бөлүнүп чыгып, аба булгана турганын белгилейт. 

    Таштанды өрттөгөн жарандарга 7.5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып каралган.


    Тектеш материалды окуу