Жарыяланган
2025-30-07, 16:53Жалал-Абад облусунда акча алмаштыруу менен мыйзамсыз алектенген эки жаран айыпка жыгылды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган эки жаран лицензиясы жок туруп чет элдик валютаны алматырып жүргөн.
Натыйжада Улуттук банктын Жалал-Абаддагы башкармалыгы алардын ар бирине 17.5 миң сомдон, жалпы 35 миң сом айып салган.