Жарыяланган
2025-17-06, 10:03Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн жасалма интеллектке негизделген "АЙТИЛ – акыл ачкычы" улуттук платформасы иштелип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия билдирди.
Улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Айзаратбек Эсеновдун айтымында, аталган платформанын бир нече мүмкүнчүлүктөрү бар. Анын ичинде, текстти үнгө айландырат – жазылган текстти табигый үн менен кыргызча окуп берет. Үндү текстке айландырат – маектерди, баяндамаларды жана аудиоматериалдарды кыргыз тилинде текст түрүндө жазып берет.
Аны менен бирге котормо кызматы бар – кыргыз тили менен он башка тилдин ортосунда котормо жүргүзөт. Чат-бот – колдонуучуга кыргыз тилинде маалымат берип, суроолорго жооп кайтарып, акылдуу жардамчы катары иштейт.
Видео котормо кызматы – видеолорду чечмелеп, мамлекеттик тилде субтитр же котормо сунуштайт. Кыргызча OCR кызматы бар – сүрөт же документтен кыргыз тилиндеги текстти таанып, даяр текстке айлантат.