Akchabarsearch
"Кыргызкөмүр" дээрлик он айда көмүрдүн экспортунан 126.5 млн сом таза киреше тапты

Жарыяланган

2026-02-11, 14:48

"Кыргызкөмүр" дээрлик он айда көмүрдүн экспортунан 126.5 млн сом таза киреше тапты

2026-жылдын башынан тартып 20-октябрга чейин "Кыргызкөмүр" ишканасы автоунаа менен чет жакка 539 миң тонна көмүр экспорттогон. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалыматында айтылат.

Чет жакка сатылган көмүрдүн жалпы наркы 3 млрд сомду түзгөн. "Кыргызкөмүр" ишканасы көмүрдүн экспортунан 126.5 млн сомго жакын таза киреше тапкан.

Экспорттолгон көмүрдүн орточо баасы 5565.8 сомду түзгөн. 


Тектеш материалды окуу