Akchabarsearch
«Кыргызнефтегаз» өзү өндүргөн мунайды кайра иштетип, даяр продукцияны гана сата турган болду

Жарыяланган

2026-03-04, 13:28

«Кыргызнефтегаз» өзү өндүргөн мунайды кайра иштетип, даяр продукцияны гана сата турган болду

«Кыргызнефтегаз» компаниясы өзү өндүргөн чийки мунайды «Кыргыз Петролеум Компани» мамлекеттик компаниясында кайра иштетип, андан кийин даяр продукцияны гана сата турган болду. Бул тууралуу аталган компания кабарлады.

Компания билдиргендей, «Кыргызнефтегаздын» жаңы жетекчиси Самсаалы Четимбаев ишкана өзү өндүргөн чийки мунайды жарандарга (жеке жактарга) сатууга тыюу салды. Мындан ары чийки мунай «Кыргыз Петролеум Компани» мунайды кайра иштетүүчү заводунда иштетилип, андан кийин даяр продукция рынокко чыгарылат.  

Четимбаев бул чечим компаниянын кирешесин көбөйтүп, каржы жактан туруктуу кылып, өсүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилеген. 

Эскерте кетсек, буга чейин Салык кызматы «Кыргызнефтегаз» өзү өндүргөн мунайды түздөн-түз «Кыргыз Петролеум Компани» компаниясына кайра иштетүүгө жөнөтүүнүн ордуна жеке компанияларга өткөрүп берип жүргөнүн, мунун айынан компания бир топ кирешеден кур калганын иликтеп чыккан. 


Тектеш материалды окуу