Akchabarsearch
Мыйзам долбоору: Пенсия курактагы “баатыр энелерге” пенсиясына кошумча 5 миң сомдон төлөнөт

Жарыяланган

2026-03-04, 14:20

Мыйзам долбоору: Пенсия курактагы “баатыр энелерге” пенсиясына кошумча 5 миң сомдон төлөнөт

Кыргызстанда пенсия курактагы “баатыр энелерге” ай сайын пенсиясына кошумча 5 миң сомдон төлөө сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана депутат Камила Талиева тарабынан даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды.  

Учурда өлкөдө пенсия курактагы “баатыр энелердин” саны 31.3 миңден ашат. Аларга азыркы мыйзам боюнча пенсиясына кошумча ай сайын 1 миң сомдон берилип турат. Эми анын суммасын 5 миң сом кылуу сунушталып жатат. 

Дагы 75 баатыр эне пенсия алууга укугу жок болгондуктан, мамлекеттен 3 миң сомдон жөлөкпул алат. Эми алар алган жөлөкпулду “социалдык пенсия” деп атап, аларга да ай сайын 5 миң сомдон кошумча акча төлөө сунушталуудаа.

Эсептөөлөр боюнча пенсия жана социалдык пенсия алган “баатыр энелерге” 5 миң сомдон берүү үчүн жылына кошумча 1 млрд 662 млн сом керек болот. 
 


Тектеш материалды окуу