
Жарыяланган
2026-03-04, 15:43Президент Садыр Жапаров “Дастан” трансулуттук корпорациясынын жетекчилигине учкучсуз аппараттарды чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 3-апрелде заводуна барып, ишкана чыгарып жаткан продукцияларды көрүп чыккан. Ишкана бир нече продукцияны, анын ичинде деңиз торпедалык куралдарын даярдайт.
Жапаров заманбап технологияларды активдүү киргизүү керектигин айтып, тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишкананын жетекчилигине ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарып баштоону тапшырган.



