
Жарыяланган
2026-03-04, 17:29Сузак районунун Курук-Сай участогунда жайгашкан мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, кайрадан 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 27-январында жүргүзүлгөн текшерүүдө объекттин курулушуна керектүү долбоордук-уруксат берүүчү документтер, экспертизалык жана архитектуралык-шаар куруу корутундулары жок экени аныкталып, “Орис НПЗ” ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынган.
Ал эми апрель айындагы кайталап текшерүүдө мурда берилген талаптар аткарылбай, курулуш иштери белгиленген эрежелерди бузуу менен улантылып жатканы белгилүү болгон. Натыйжада компанияга кайрадан 200 миң сом айып пул салынды.
Министрлик өндүрүштүк объекттерди, өзгөчө мунайды кайра иштетүүчү ишканаларды зарыл экспертизаларсыз жана тиешелүү техникалык көзөмөлсүз куруу экологиялык жана коопсуздук жагынан коркунуч жаратышы мүмкүн экенин эскертти.



