
Жарыяланган
2026-23-06, 16:23Талас облусунун Кызыл-Адыр айылында курулуш материалдарын саткан соода түйүнүн курууда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Талас–Тараз унаа жолунун 12-чакырымында жайгашкан объектти текшерүү учурунда курулуш нормалары жана техникалык талаптар толук сакталбаганы белгилүү болгон. Бул КРнын курулуш мыйзамдарынын талаптарын бузуу катары бааланган.
Анын негизинде жаран К.Э.Ага карата протокол түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана курулуш иштерин талапка ылайык жүргүзүү боюнча көрсөтмө берилди.
Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзамдардын жана курулуш нормаларынын талаптарын так сактоого чакырды.



