
Жарыяланган
2026-12-02, 17:28Бишкек шаарынын Н. Коперник көчөсү 26/1 дарегинде 9 кабаттуу, Ж. Баатыр көчөсү 50а дарегинде 14 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Текшерүүдө объектилер курулуш ченемдеринин жана «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузганы, бирдиктүү паспорт илинбей, техникалык коопсуздук талаптары сакталбаганы белгилүү болгон.
Натыйжада курулуш компаниясына 400 миң сом айып пул салынып, мыйзам бузууларды жокко чыгаруу боюнча тапшырма берилген.



