
Жарыяланган
2026-18-06, 09:46Бишкек шаарындагы №57 жана №69 жалпы билим берүүчү мектептерди капиталдык оңдоо иштерине 215.2 млн сомдон ашык каражат бөлүү пландалууда. Бул үчүн шаардык мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, №57 мектепти оңдоого 156.6 млн сом, ал эми №69 мектепке 58.6 млн сом каралган.
Подрядчы компаниялардан 2024–2025-жылдары ушул сыяктуу курулуш жана оңдоо иштерин аткаруу тажрыйбасы болушу, тиешелүү лицензияларга жана адистерге ээ болушу талап кылынат.
Тендердик сунуштар 22-июнга чейин кабыл алынат. Жеңүүчү аныкталгандан кийин мектептердеги капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, объекттерди 2026-жылдын 15-сентябрына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.



