Жарыяланган
2025-11-08, 15:58Бүгүн, 11-августтан тарта "Манас" эл аралык аэропорту IATA кодун FRUдан BSZге расмий түрдө өзгөрттү. Бул тууралуу "Кыргызстан Аэропорттору" компаниясынан билдиришти.
Компания эски код 1974-жылдан бери колдонулуп келгенин, аны өзгөртүү инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана аэропорттун эл аралык статусун жогорулатуунун жаңы баскычын билдире турарын белгилейт.
Ошондой эле соцтармактарда BSZ коду Аляскадагы (АКШ) аэропортко таандык экени айтылгандыктан, "Кыргызстан Аэропорттору" ал боюнча түшүндүрмө берди: BSZ коду мурда Асяскадагы Эгиджик кыштагына жакын жайгашкан Bartletts аэропорту тарабынан колдонулуп келген. Бирок ал жакка учактар анда-санда гана учпаса, дайымкы аба каттам болгон эмес. Аэропорт 2008-жылга чейин гана иштеген, азыр иштебейт. Ошондуктан "Кыргызстан Аэропорттору" BSZ коду расмий түрдө "Манас" аэропортуна гана таандык экенин, аны аэропортко Аба транспорту боюнча эл аралык ассоциация (IATA) ыйгарганын белгилейт.